Немис тили кафедрасына 50 жыл

2016-11-03 16:28:37 233

« Немис тили » кафедрасына 50 жыл!!! 2016-жылдын 28-29- октябрында ОшМУнун чоң актылык залында чет тилдер факультетинин немис тили кафедрасынын 50 жылдык мааракесине арналган эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияга 50дөн ашуун чет өлкөдөн келген меймандар, анын ичинде Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ханс Вольфганг Эмингер, Щвейцариянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Эрнесто Пианто, Кыргызстандагы немис тилчилер союзунун башчысы Замира Мамбетова, ДААД, Гёте институту, Бош фондунун башчылары жана башкалар катышышты. Бул меймандар кафедранын 50 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктап, белектерин тапшырышты. Мындан сырткары Германиянын окуу программаларынын өкүлдөрү сүйлөшүп, Германияга баруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти. Германиядан тилдик жана башка курстардан өтүп келген студенттер да өздөрүнүн тажырыйбалары тууралуу ой бөлүшүштү. Конференциянын уландысы чет тилдер факультетинде өткөрүлүп, мында үч секция боюнча иш алып барылды. Ар бир секциянын мыкты докладдары аныкталып, баалуу сыйлыктар тапшырылды. Конференциянын аягында баардык катышуучуларга сертификаттар берилди.