«Академиялык жазуу»

2016-12-03 13:45:38 248

Чет тилдер факультетинде окутуучулар үчүн жума сайын уюштурулган «Академиялык жазуу» усулун өздөштүрүү боюнча семинардын экинчи бөлүгү 2016-жылдын 3-декабрында өткөрүлдү. Буга катышкан 25 окутуучу текстке параграф коюунун ыкмаларын өздөштүрүштү. Аталган семинар АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган англис тилинин окутуунун усулчулары Жонотон Метл жана Лин Маклау тарабынан өткөрүлүүдө.