«Англис тили жумалыгы»

2018-02-14 21:02:30 235

Бүгүн, 2018-жылдын 14-февралында Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин Англис тилин окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучулары Ош шаарынын мектептеринин англис тили мугалимдерине семинар-тренинг өткөрүштү. Бул семинар-тренинг Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлиги тарабынан жарыяланган «Англис тили жумалыгынын» алкагында уюштурулду. Семинар-тренингде мектеп мугалимдери түрдүү сабакты эффективдүү уюштуруу көнүгүүлөрүндө катышышып, академиялык жазуу жана сабактын планын Блумдун таксономиясын колдонуп жазуунун үйрөнүштү.