Тарбиялык иштердин жылдык планы

2018-10-17 16:31:41 226

Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын башкы максаты студенттерге татыктуу, сапаттуу билим берүү менен бирге жаштарды адептүү жана ыймандуу, маданияттуу, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу кылып тарбиялоо. Максатка ылайык окуу жылдын башында тарбиялык иштердин жылдык планы иштелип чыгып, кафедранын отурумунда бекитилди. Кафедранын башчысы, доцент Акматова А.А. тарабынан студенттик тайпалардын кураторлору дайындалып жана бекитилди. Дайындалган кураторлор тайпадагы студенттер менен тыгыз байланышта иштешүүдө, ошондой эле тайпанын студенттик өзүн өзү башкаруу курамын бекитип, ар жумада куратордук сааттарды окуу жадыбалга ылайык өтүүдө. Атай кетсек, Сентябрь-Октябрь айларында кафедранын улук окутуучулары Эргешова Г. С. “Мугалим-мөмөлүү дарак”, Исакова М.Т. “Ааламга жол айылдан башталат”, ошондой эле кафедранын тарбия иштери боюнча жооптуу окутуучусу Токторова В.К. 1-октябрь карыялар күнүнө карата “Карысы бардын – ырысы бар” деген темаларда куратордук сааттарды өтүштү.