Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилин окутуунун методикасы кафедрасынын улук окутуучусу Осмонбаева Жыпаргүл Акунбаевна 25-январь күнү факультеттин окутуучуларына жана магистранттарга "RESEARCH ETHICS, PLAGIARISMS" деген темада семинар-тренинг өтүп берди. Анда азыркы мезгилдеги илимий изилдөөдө актуалдуу болуп жаткан "ПЛАГИАТ" - бирөөнүн идеясын, жадагалса даяр POWER POINT презентациясын өзүнүкү кылып тааныштырганы академиялык билим берүүдө илимий этиканын талаптарына жооп бербей турганын баяндап берди. Ошол плагиат кылган авторлордун ишин жокко чыгаруу же болбосо академиялык жазалоолорду: ишин жаратбоо, же жокко чыгарганга чейин жазаа бар экендигин билдирип өттү. Семинар факультеттин окутуучуларынын арасында кызыктуу талкуу жаратты,жана эфективдүү аягына чыкты.