Ассоциации выпускников

ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2021-жылдын май айындагы жыйынында карала турган “ ОшМУнун бутуруучулорунун жумушка жайгашуусуна комоктошуу боюнча ишмердиктин онугуусу ” деген маселени даярдоо үчүн

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин маалыматы:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майы № 331 «Орто жана жогорку кесиптик билим берγγчγ уюмдарынын «окутууну каржылоо механизмин бекитүү жөнүндө» (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-февралы № 80, 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомдорунун редакциясына ылайык) токтому

2. Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде бакалавр баскычында 2 программа даярдалат 550300- Филологиялык билим берүү багыты “Чет тили профили”, 531100- Лингвистика багыты “Котормо жана котормо таануу” профили, ал эми магистратура баскычында 3 программа Филологиялык билим берүү багыты, 531100- Лингвистика багыты, Филология багыттары боюнча окуу процесси жүргүзүлөт. ДТжМ факультетинин филологиялык билим берүү багыты Ош шаарындагы 52 мектеп, алыскы жана жакынкы райондук бир канча мектептер, окуу борборлор менен жана ошондой эле Лингвистика багыты Ош шаарындагы бей өкмөт уюмдар, туристтик компаниялар, коомдук уюмдар (жалпы 20 келишим):

Smile kg, ЭлТР КТРК, ОшТВ, American corner, Тур. Фирма «Авантия», Турфирма «CBT Alai», Фонд «Агахан», Интербилим, Munduz Tourist, Youth of Osh, Education for All, НПО « Ирет» ж.б. менен келишимдер түзүлүп алар менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Келишимдер түзүлгөн жана эки тараптар тең кол коюлган.

3. ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин бүтүрүүчүлөрү менен жыл сайын байма бай жолугушулар ,конференциялар өткөрүлүп, ал семинар, тренинг, конференцияларда өздөрүнүн билимдери менен бөлүшүп келишет.

17-ноябрь 2020-жылы факультетибиздин сыймыктуу бүтүрүүчүсү Назарбаев университетинин профессору,Билим беруу боюнча эл аралык эксперт Дуйшон Шаматов, студенттердин эл аралык кунуно карата «Билимге Инвестиция -өнүгүүнүн пайдубалы» темасында онлайн семинар өттү.

Факультет

программалар

2018-2019-2020-окуу жылдары боюнча

Бүтүрүчүнүн жалпы саны

жалпы

Кесиби боюнча

Чет өлкөдө

Жумушу жоктор

Армия

Бала кароо өргү

Лингвистика

2016

36

27

21

2

7

0

2

2017

54

37

25

4

13

2

4

2018

57

37

25

8

13

2

6

2019

76

68

23

23

8

2

6

2020

83

73

35

22

10

3

15

Иш берүүчүлөр тарабынан, бүтүрүүчүлөр менен студенттердин жумушка кабыл алынуусу боюнча маселе каралып, жолго коюлган. Жыл сайын филологиялык билим берүү багытында бүтүргөн студентер атайын университет тарабынан уюштурулган жумушка жайгаштыруу иш чарасында( распределение) өздөрү алып келген келишимдер боюнча мектептерге жумушка жайгаштырылышат. Алар Эл аралык уюмдарда, Фонд, Тышкы иштер министирликтеринде, (Smile kg, ЭлТР КТРК, ОшТВ, American corner, Тур. Фирма «Авантия», Турфирма «CBT Alai», Фонд «Агахан», Интербилим, Munduz Tourist, Youth of Osh, Education for All, НПО « Ирет») ж.б.

Ассоциации выпускников 2020-2021